Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековдун 2023-жылдын 18-майындагы №37 буйругунун негизинде Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун төрагасы кызмат ордуна аталган соттун судьясы Абдинасирова Гүлзат Ниязбековна 5 (беш) жылдык мөөнөткө дайындалды.
Буга байланыштуу 2023-жылдын 24-майында Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нурлан Чериков Тоң райондук сотуна иш сапары менен барып, кеңешме өткөрдү. Гүлзат Абдинасированы аппараттын кызматкерлерине тааныштырып, жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.
Судьяларга иштерди кароо сапатын жогорку деңгээлге көтөрүүнү, мыйзамдуулукту бекем сактоо менен иш алып барууга чакырды. Ал эми аппарат кызматкрелерине эмгек тартибин сактап, тараптарга өз убагында чечимдерди тапшырып, сылык мамиле кылуу керек экендигин эскертти.
Райондук соттун жамааты Гулзат Абдинасированы куттуктап, ийгиликтерди каалады.
Өз сөзүндө Гүлзат Абдинасирова төрагага жана сот аппаратынын кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, чоң жоопкерчиликти белгилеп, ыраазычылык билдирди.
Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз катчысы А.А.Абдымаликова