KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл облусунун жергиликтүү соттору “Таза Мурас” кампаниясын колдоду.

10 октября 2022

2022-жылдын 8-октябрында “Таза Мурас” жалпы улуттук кампаниясынын алкагында өлкө аймагы боюнча Улуттук тазалык күнү өттү. Бул акцияга байланыштуу  Ысык-Көл облустук сотунун кызматкерлери   ишембиликке чыгышты. Ишембиликтин алкагында облустук соттун имаратынын  айланасы  таштандылардан тазаланып, гүлдөрдүн тегереги тазаланып, чөптөр отолуп,  газондордун тегерек-чети толугу менен ирээтке келтирилди.Ушундай эле ишембиликтер Ысык-Көл облусунун административдик сотунда, райондук жана шаардык соттордо өткөрүлдү.


Ишембиликтин алкагында имараттын аймагы тазаланып, арыктардагы чогулган таштандылар алынып, гүлдөргө, бак-дарактарга кам көрүлдү.


Ошондой эле Балыкчы шаардык соту, Ак-Суу, Ысык-Көл, Тоң, Түп жана Жети-Өгүз райондук сотторунун кызматкерлери менен ишембилик өткөрүшүп, мекемелердин сыртынын санитардык абалын жакшыртып, гүлдөр кыркылып, арыктар тазаланып жана имараттын тепкичтери пайдубалдары акталды.


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан башталган “Таза Мурас” акциясы сот имараттарына жанаша жайгашкан аймактарды жана атайын бөлүнгөн жерлерди тазалоо жана санитардык тазалоо боюнча жумалык ишембиликтер улантылат.