KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл райондук соту мектеп окуучуларына ачык сабак өткөрдү.

26 апреля 2024

 


 


Ысык-Көл райондук соту мектеп окуучуларына ачык сабак өткөрүп, соттун имараты менен тааныштырды.


Иш-чара Ысык-Көл райондук сотунун төрагасы Кайрат Батыралиев, судья Нургазы Дыйканов, Ысык-Көл  райондук ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторунун өкүлү, Чолпон-Ата шаарындагы И.А.Абдразаков атындагы мектеп-лицейинин 10-11 класстарынын окуучулары жана мугалимдери катышуусунда өттү.


Кайрат Батыралиев “Биздин келечек, билимдүү жаштар”-демекчи изденип көп окуп, билим алуу келечекте туура кесипти тандоо, татыктуу адис болууга жол ачаарын белгилеп, өспүрүмдөргө терс көрүнүштөргө жол бербей тактап айтканда мектеп окуучулар арасында кылмышты алдын алуу, бөгөт коюуу максатында ачык сабак өткөрдү.


Ал эми судья Нургазы Дыйканов Ысык-Көл райондук сотунун имараты, иш орундары, сот отурум залдары, сот кызматкерлеринин ишмердүүлүгү менен тааныштырды.


Иш-чаранын соңунда судьялар мектеп окуучулардын кызыктырган суроолоруна жооп берип, өспүрүмдөрдүн окууларына ийгиликтерди каалашты.


Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз катчысы     Айпери Абдымаликова