KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл облустук соту онлайн жыйын өткөрдү

16 февраля 2024

 


2024-жылдын 14-февралында Ысык-Көл областтык сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын демилгеси менен Ысык-Көл облусунун райондук жана шаардык сотторунун судьяларынын катышуусунда онлайн форматта Zoom платформасы аркылуу жыйын болуп өттү.


Кеңешмеде доо арыздарды кабыл алууда мамлекеттик алымды колдонуу маселелери, жаратылышты коргоо органдары, салыктык эмес кирешелер боюнча кодекстин нормалары жана Жаратылышты коргоо органдарын мамлекеттик алымдарды төлөөдөн бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 94-беренеси алкагында талкуу жүргүзүлдү.


Онлайн жолугушуунун катышуучулары өз ой-пикирлерин айтып, соттук практиканын бирдиктүү ыкмаларын талкуулап, бир пикирге келишти.


Кеңешменин жыйынтыгында Ысык-Көл областтык сотунун төрагасынын орун басары Бакыт Калыков жарандык иштерди кароодо бирдиктүү соттук практиканы калыптандыруу максатында судьялар тарабынан Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарын так сактоо зарылдыгын белгиледи.


Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы                                                                               А.А.Абдымаликова