KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл облустук соту Жогорку соттун төрагасынын кичи футбол боюнча кубогунун туринирине катышты

15 мая 2023

2023-жылдын 13-майында Ош шаарында Кыргыз Ресбуликасынын сот тутумунун кызматкерлеринин арасында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын кичи футбол боюнча кубогу болуп өттү.


Мелдешти Ош облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев ачып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппарат жетекчисинин орун басары Эркин Искаковго сөз берди.


Ал өз сөзүндө мелдеш сот кызматкерлеринин арасында ынтымакты, өз ара достукту бекемдөөгө, ден-соолукту чыңдоого шарт түзөөрүн белгилеп, ийгиликтерди каалады.


Бул спорттук мелдеште жалпысынан 11 команда ат салышып, алар кызыктуу оюн көрсөтө алышты.


Ар бир команда футбол боюнча өздөрүнүн мыкты даярдыгын көрсөтүшүп, турнир башынан аягына чейин өтө курч атаандаштыкта өттү. Жыйынтыгында мыкты деп табылган 3 командага кубок, диплом жана грамоталар тапшырылды.


Ал эми Ысык-Көл облустук сотунун командасы “Мыкты” оюнчулардын командасы наамын алышты.