KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл облустук соту Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун отурумуна катышты

24 февраля 2023

Бүгүн, 2023-жылдын 24-февралында, Замирбек Базарбековдун төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун отуруму болуп өттү.  Ага Ысык-Көл областтык сотунун төрагасы Нурлан Чериков, орун басарлары Азамат Абдраимов, Зарипбек Аданбаев,   судья Самарбек Закиров, ошондой эле Ысык-Көл облусунун административдик сотунун судьялары, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Ысык-Көл областтык Сот департаментинин башчысы Жолдош Асаналиев видеоконференц байланыш аркылуу катышышты.


Жыйынга Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушев, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев, Кыргыз Республикасынын Юстиция министри  Аяз Баетов,  Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Исабек Султаналиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Медербек Сатыев,  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин алдындагы “Адилет сот” маалыматтык технология боюнча мекемесинин башкаруучусунун милдетин аткаруучу Рустамбек Шабыев,  ошондой эле  Жогорку соттун судьялары.


 


Өлкөнүн жогорку сот органынын судьялары күн тартибинде эки негизги маселени карашты:


 


— Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун соттук коллегияларынын төрагаларынын 2022-жылдагы соттук коллегиялардын иши жөнүндө маалыматтарын угуу;


 


— Соттук коллегияларынын иши жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун токтомдорун кабыл алуу.


 


Замирбек Базарбеков белгилегендей, өткөн жылы судьялардын жана аппарат кызматкерлеринин айлык маяналары көтөрүлүп, сотторду материалдык техникалык жактан камсыздоо, кызматтык үйлөрдү куруу иштери башталды. Ысык-Көл облусу менен Жалал-Абад облусунда “Адилет үйлөрүнүн” курулуштары аяктап, ачылуу алдында турат.


Ошону менен катар, республика боюнча 312 судья ротацияланды, анын жыйынтыгында иштердин кароо мөөнөтү кыскарып, негизсиз создуктурулган иштердин саны азайды, ишти кароонун бирдиктүү практикасын калыптандырууга жакшы шарттар түзүлдү, мындан тышкары тааныш-билиш, тууганчылык мамилелердин таасири кескин кыскарды десек да болот.


Бирок, баса белгилеп кетчү жагдай иштердин жогорку инстанциядагы соттор тарабынан жокко чыгарылып кайрадан кароого төмөнкү инстанциядагы сотторго жиберүүнүн себебинен жалпы сот жараяны жылдап созулган фактылар дагы да токтой элек.


Жогорку соттун жана апелляциялык инстанциядагы соттордун соттук коллегиялары процесстик мыйзамдарда берилген ыйгарым укуктарыңыздарды толук кандуу ишке ашырбай, иштерди кайра кароого жүйөсүз жиберүүнү токтотуңуздар”, — деп белгиледи төрага.