KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл облустук соту Чек арачыларды кесиптик майрам күнү менен куттуктады

27 мая 2023

 


2023-жылдын 27-майында Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин Чек ара кызматкерлерин Ысык-Көл облустук сотунун судьясы Болоткан Дюшеналиев кесиптик майрам күнү менен куттуктады.


Салтанаттуу кече Ысык-Көл облустунун Чек ара кызматынын имаратында саат 10:00 до башталып,  Ысык-Көл облустунун жергиликтүү бийликтеринин жетекчилери жана орун басарлары катышып, сыйлыктарды тапшырышты.


Аны менен биргеликте Болоткан Дюшеналиев 4 чек ара кызматкерине сыйлыктарды тапшырып, аларды кесиптик майрамы менен куттуктады. Ал өз сөзүндө чек арачылар мамлекеттин бүтүндүгүн жана коопсуздугун коргоодо зор салымын кошуп, чек араны кайтаруу татаал жана жооптуу ошондой эле сыймыктуу кызмат экендигин белгилеп ыраазычылыгын билдирди.