2023-жылдын 12-августунда Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын 20 жылдык маарекесине карата Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын орун басары Зарипбек Аданбаев майрам күнү менен куттуктады.
Салтанаттуу кече Каракол шаарындагы К.Жантөшев атындагы драмалык театрынын имаратында саат 10:00 до башталып, Ысык-Көл облустунун жергиликтүү бийликтеринин жетекчилери жана орун басарлары катышып, сыйлыктарды тапшырышты.
Аны менен биргеликте Зарипбек Аданбаев жазаларды аткаруу кызматынын 6 кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырып, аларды кесиптик майрамы менен куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалады.
Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы А.А.Абдымаликова