KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл облустук соту прокуратура кызматкерлерин майрамы менен куттуктады

25 ноября 2022

2022-жылдын 25-ноябрында  Ысык-Көл облусунун прокуратура бөлүмүнүн имаратында  Кыргыз Республикасынын прокуратура  кызматкерлеринин кесиптик майрамдык күнүнө карата кече уюштурулган.


Салтанатка Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нурлан Чериков, орун басары Бакыт Калыков, ошондой эле Ысык-Көл облусунун жергиликтүү бийликтин органдарынын жетекчилери жана орун басарлары катышышты.


Нурлан Чериков куттуктоо сөзүн айтып, облустук соттун атынан  Ысык-Көл облустук прокуратура  органдарынын бир катар кызматкерлерине Ардак грамоталарды тапшырды.


 


Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы  А.А.Абдымаликова