2022-жылдын 1-ноябрында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы К.Жантөшев атындагы драма театрында Кыргыз Республикасынын милиция кызматкеринин кесиптик күнүнө карата майрамдык кече уюштурулган.
Салтанатка Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нурлан Чериков, орун басарлары Зарипбек Аданбаев жана Бакыт Калыков, ошондой эле Ысык-Көл облусунун жергиликтүү бийликтин органдарынын жетекчилери жана орун басарлары катышышты.
Өз сөзүндө төрага милиция кызматкерлерине кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана мамлекеттин коопсуздугун сактоодо милиция кесиби – татаал жана жоопкерчиликтүү кызмат экендигин белгиледи.
“Талыкпаган жана ак ниет эмгегиңиздер үчүн, көбүнчө коркунуч жана тобокелдик менен байланышкан кызматтык милдеттерин аткарууда эрдигиңиздер үчүн рахмат айтам”-деди Нурлан Чериков.
Ошону менен биргеликте облустук соттун атынан Ысык-Көл облустук ички иштер органдарынын бир катар кызматкерлерине Ардак грамоталарды тапшырды.
Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы А.А.Абдымаликова