KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл облустук соту 2022-жылга карата ишинин жыйынтыгын чыгарды

08 февраля 2023

Бүгүн, 2023-жылдын 7-февралында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жетекчилигинин катышуусунда видео  конференц байланыш аркылуу  Ысык-Көл облусунун жергиликтүү сотторунун 2022-жылдагы ишинин жыйынтыктары боюнча кеңешме болуп өттү.


Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын орун басарлары өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча баяндама жасашты. Анда  каралган иштердин саны, сот адилеттигин ишке ашыруу, иштерди кароонун сапаты жана судьялардын иш жүктөмдөрү боюнча статистикалык маалыматтар берилди.


Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын кылмыш жана жорук иштери боюнча орун басары Зарипбек Аданбаев белгилегендей, биринчи инстанциядагы соттордун отчеттору боюнча 842 кылмыш иши, 211 соттук материал, 2820 укук бузуулар, 2777 сотко чейинки өндүрүш иштери каралган. Анын ичинен 107 кылмыш иши, 20 соттук материал, 35 укук бузуулар, 57 сотко чейинки өндүрүш апелляциялык тартипте каралган.


Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын жарандык жана экономикалык иштер боюнча орун басары Бакыт Калыковдун маалыматына ылайык, 2022-жылы 3769 иш жана 1194 соттук материал биринчи инстанциядагы соттор тарабынан жалпысынан каралган. Ысык-Көл облустук сотунда апелляциялык тартипте 2022-жылга карата 246 иш, 60 соттук материал каралган. 2021-жылга салыштырмалуу биринчи инстанциядагы соттордо иштердин саны өстү, анын ичинен 10%га чейинкиси апелляциялык тартипте даттанылган.


Ошондой эле, Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын административдик иштер боюнча орун басары Азамат Абдраимов белгилегендей, 2022-жылы 273 иш Ысык-Көл облусунун административдик соту тарабынан каралып, 48 соттук материал, 68 административдик иш  жана  5 соттук материал апелляциялык инстанцияда каралган.


Иш чаранын соңунда Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков судьяларды ишиндеги каталарды жана кемчиликтерди жоюуга, сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын жогорулатууга, облуста бирдиктүү соттук практикага жетишүүнү талап кылды.                                                                                  


Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы                                                                                   А Айпери Абдымаликова