KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Жергиликтүү соттордун аппарат кызматкерлерине семинар уюштурулду

15 февраля 2023

2023-жылдын  15-февралында,  Ысык-Көл облустук сотунун жыйындар залында видео байланыш аркылуу жарандык жана административдик иштер боюнча отчетторду берүүнүн тартибин түшүндүрүү жөнүндө автоматташтырылган маалымат системасы, соттор арасындагы иштерди автоматтык бөлүштүрүү боюнча онлайн семинар өттү.


Ал семинарга  Ысык-Көл облусунун райондук жана шаардык сотторунун бөлүм башчылары улук катчылары жана IT-адистери катышты.


«Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемесинин адистери отчетторду берүүнүн тартиби боюнча кенен маалымат берип, соттун кызматкерлеринин кызыктырган суроолоруна жооп беришти.


                                                                                     


Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы  А.А.Абдымаликова