Ар жылы май айынын үчүнчү жекшембисинде Кыргызстанда Энелер күнү белгиленет. Бул күн өзгөчө жылуулукка, аруулукка жана жашообуздагы эң маанилүү адамдарыбыз – энелерибизге болгон ыраазычылыкка бай майрам экени талашсыз.
Ушул жаркын майрамда Ысык-Көл областынын Административдик сотунун жамааты мурдагы кызматкери Молокоева Күлүйпа Кожогуловнанын акыбалын сурап, кабар алууну чечишти.
Төрага Мелис Тагаев жана сот кызматкерлери анын үйүнө барып, майрамы менен куттуктап, ага бекем ден соолук, бакыт-таалай, бакубат жашоо каалап, акчалай жардам көрсөтүштү.
Өз кезегинде Күлүйпа Молокоева соттун кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирип, өзүнүн соттун аппаратында өтөгөн 20 жылдык иш тажрыйбасы жөнүндө кеп куруп берди. Ал алты баланы тарбиялап өстүргөн, үч уул жана үч кыздын энеси. Учурда ал пенсияда жана неберелерин тарбиялоодо салымы зор.
Белгилей кетсек, Ысык-Көл областынын Административдик сотунун судьялары жана кызматкерлери Күлүйпа Молокоевага бир нече жылдан бери жардам көрсөтүшүп, анын ден соолугунан кабар алып келишет.
Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы
Гульзада Аширбаева