KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Сот тутумунун басма сөз катчыларын окутуу соңуна чыкты

03 августа 2021

Өткөн дем алыш күндөрү  сот тутумунун басма сөз катчыларын окутуу аяктады. Окууга Жогорку соттун басма сөз кызматы, жергиликтүү соттордун, Сот департаментинин жана Жогорку соттун алдындагы сот адилеттиги мектебинин  басма сөз катчылары катышышты.


Тренинг жергиликтүү соттордун басма сөз катчыларынын квалификациясын жогорулатуу жана алардын жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү, ошондой эле сот тутумун санариптештирүү, атап айтканда аудио жана видео жазуу системасынын маанилүүлүгү жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу максатында өткөрүлдү.


Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Алмаз Касымбеков республиканын сотторунда санарип технологиялардын мааниси жана ишке ашырылышы жөнүндө кеңири айтып берди. Ал белгилегендей, санарип технологиялар сот тутумунун ачык-айкындыгына  жетүүнүн эң эффективдүү ыкмасы болуп саналат жана эң маанилүү компоненттердин бири, албетте, соттордогу аудио жана видео жазуу системасы. «Адилет сот» Маалыматтык технологиялар боюнча мекемесинин кызматкери Нурланбек Сатывалдиев тренингдин катышуучуларына аталган системанын техникалык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди.


Медиа эксперттер Марс Тулегенов жана Марат Токоев мультимедиалык материалдарды даярдоого колдонулуучу мультимедиалык форматтар жана онлайн аспаптар, видеого тартуу жана аны топтоонун негиздери, онлайн жана офлайн кампанияларды иштеп чыгуу жана өткөрүү менен коомчулукту кабардар кылуу, ЖМК менен байланыш түзүү жолдорун окутушту.


Кыргыз Республикасындагы  Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюмунун (IDLO) директору Альфред Хьюстон тренингдин ийгиликтүү аяктагандыгы менен куттуктап, катышуучуларга сертификаттарды тапшырды.


Басма сөз катчылар үчүн уюштурулган тренинг Жогорку соттун басма сөз кызматы тарабынан IDLO уюмунун колдоосу менен уюштурулду.