KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Замирбек Базарбеков соттор менен ЖМКнын ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө арналган экинчи тегерек столдун ишине катышты

28 марта 2022

2022-жылдын 24-мартында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков экинчи жолу өтүп жаткан “Соттор менен ЖМКнын ортосундагы байланыштарды бекемдөө” боюнча экинчи тегерек столдун  ишине катышты.


Иш чара Ысык-Көл облусунда уюштурулуп, ага Жогорку соттун Аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров, Жогорку соттун төрагасынын кеңешчиси Нурханбек Момуналиев, Ысык-Көл облустук сотунун төрайымы Гулкайыр Алиева жана жергиликтүү соттун судьялары,  Европа биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгүнүн 2-фазасы” Программасынын жетекчиси Стефанос Кареклас, аталган Программанын негизги эксперти Александру Тэнасе, ошондой эле Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Чүй облусундагы журналисттер катышышты.


Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков аталган иш чарага өзгөчө маани берүү менен, сотторго болгон жалпыга маалымдоо каражаттарынын көз карашын, нааразычылыктарын, орун алып жаткан көйгөйлөрдү ийри отуруп түз  кеңешип, сот  бийлиги менен журналисттердин ортосундагы байланышты кандайча, кантип жакшыртуу жолдорун бирге  талкуулоо  үчүн  атайын келген.


Төрага бүгүнкү күндө төртүнчү бийлик катарында  саналган массалык маалымат  каражаттары сот тутумунун ачык –айкындуулугун,  адилеттүүлүгүн, айрыкча элдин сот бийлигине  болгон  ишенимин жогорулатууда ролу,  таасири  чоң  экендигин таанып, ачык кызматташууга чакырды.


Сөзсүз  сотто  утулган тарап, эч  качан  сот бийлигин,  сотторду мактабайт, жактабайт. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Мына ушул жерде, сиздердин өтө сабаттуу жазылган макала –иликтөө  аналитикаңар  бизге, коомчулукка күзгүдөй  керек.         Кой, аксагы менен  миң дешет кыргыздар…


Кээде, бир фактыга  таянбай туруп, жазылган макаланын автору сыяктуу, биздин соттордун  арасында да калыс иш  алып  баргандар жок эмес.  Аны тана албайбыз! Ошондуктан, бүгүн  сиздер  менен жолугушуп, мындан аркы байланыштарды бекемдөө боюнча  сунуштарыңыздарды укканга даярмын”, — деп билдирди төрага.


Бүгүнкү жолугушууда негиздүү сын-пикирлер айтылып, сот тутуму менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн ортосундагы өз ара байланыштар, кызматташтык боюнча сунуштар берилет деген ишенимин билдирди.


Белгилей кетүүчү жагдай, иш чара эки күнгө созулуп, соттор менен журналисттердин  эриш-аркак иштөөсү боюнча кызуу талкуу болоору күтүлүүдө.


Эске сала кетсек, буга чейин дал ушундай эле форматтагы тегерек стол Ош шаарында уюштурулуп, ага Баткен, Жалал-Абад жана Ош облусундагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү  катышкан.