KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Замирбек Базарбеков Каракол шаардык сотунда болду

08 июня 2022

2022-жылдын 8-июнунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековдун Ысык-Көл облусуна болгон иш сапары башталды. Төрага ротациядан кийин судьялардын жашоо-шарты менен таанышып, иштердин өз убагында каралып жаткандыгын текшерип, сапатына  көңүл бурат.


Алгач Замирбек Базарбеков Балыкчы шаардык сотунда болду. Төраганы Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нурлан Чериков, Балыкчы шаардык сотунун төрайымы Индира Турдумамбетова  жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Жолдош Асаналиев тосуп алышты.


Балыкчы шаардык сотуна  эки судья  Баткен жана Ош облустарынан ротацияланып келген. Учурда сотто 22 кызматкер эмгектенет.


Замирбек Базарбеков Балыкчы шаардык сотунун эмгек жамааты менен жолугушуу өткөрүп алардын көйгөйлөрүн укту. Автоматташтырылган маалымат системасы, соттор арасындагы иштерди автоматтык бөлүштүрүү жана аудио, видео жазуу программаларынын иштешин карады.  Ошондой эле соттун отурум залдарын, иш бөлмөлөрүн, имараттын абалдарын карап чыкты. Ротация алкагында которулуп келген айрым судьялардын турак-жай шарттары менен таанышты.


Андан соң Замирбек Базарбеков иш сапары менен Ысык-Көл  жана Түп райондук сотторунда, ошондой эле Каракол шаардык сотунда болду.


Аталган сотторго Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан судьялар ротацияланып барган.


Замирбек Базарбеков ротациянын максаты орундарды алмаштыруу эмес, сот адилеттигин сапаттуу ишке ашыруу экендигин айтты.


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун колдоосу менен судьялардын айлыктары көтөрүлдү. Мамлекет башчысынын демилгеси менен соттордо масштабдуу ротация жүргүзүлдү. Эми үчүнчү этап иштин сапатына өтүшүбүз керек. Аймакка ротацияланып келген судьялар иштерди создуктурбай өз мөөнөттөрүндө карашы керек”, — деп белгиледи төрага.


Мындан тышкары иштерди кароо сапатын жогорку деңгээлге көтөрүүнү, мыйзамдуулукту бекем сактоо менен иш алып барууга чакырды. Соттук актыларды өз убагында жазып тараптарга тапшырууну жана кабыл алынган соттук актылардын  аткарылышын ар бир судья көзөмөлгө алуу жагын милдеттендирди.


Жогорку соттун төрагасы аймактагы соттордун аппарат кызматкерлери  менен дагы жолугушуп, алар тарабынан коюлган айлык-акы маселеси жакынкы айларда чечиле тургандыгын кошумчалады.


Эртең, Жогорку соттун төрагасы иш сапары менен Ак-Суу, Жети-Өгүз жана Тоң райондук сотторунда болот.