KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Замирбек Базарбеков: Сот тутумуна көлөккө түшүрүп жаткан судьялардан тазаланууга убакыт келди

09 июня 2022

Бүгүн, 2022-жылдын 9–июнунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту Замирбек Базарбековдун катышуусунда Ысык-Көл облусунун Административдик сотунда жергиликтүү соттордун төрагалары жана судьялардын катышуусунда жыйын болду. Замирбек Базарбеков ротацияга чейинки жергиликтүү судьялар тарабынан каралып жаткан, бирок каралып бүтпөй калган иштерди алардын ордуна иштегени барган судьялар кайра башынан карап жатканы, бул мыйзамдын талабы экендигин айтты. Мындан сырткары, Замирбек Базарбеков өткөн айда коомчулукта бир топ резонанс жараткан окуялар орун алгандыгын билдирди. “Алардын баары айрым судьялардын тиешелүү кесипкөйлүгүн, тажрыйбасын жана жеке сапаттарын көрсөтө албагандыктан келип чыкты деп эсептейм. Натыйжада бир катар чечимдерди кабыл алганга мажбур болдум. Айрым судьялар сот залында тиешелүү тартипти орното алышпай, айыпталуучунун тартип бузуусуна моюн сунуп жатышса, башка судьялар жең ичинен сүйлөшүп алып кылмышкерлердин баш коргоо чарасын өзгөртүп берип жатышат. Дагы бир судья сот процессинин катышуучусуна мамлекеттик тилде көрсөтмө берүүсүнө тыюу салып жатса, тажрыйбалуу судьябыз коррупцияга аралашканы боюнча шектелип кармалып жатат. Мындай жат көрүнүштөр судьялар корпусуна эле эмес, жалпы сот системасына, сот бийлигинин аброюна шек келтирип, коомчулуктун сотторго болгон ансыз деле төмөн ишенимине кедергисин тийгизип жатат. Сот системасы аргасыздан ушундай жагымсыз жолдор менен тазаланууга мажбур болгону өтө өкүнүчтүү”, — деп кошумчалады төрага. Жогорку соттун төрагасы Ысык-Көл облусу боюнча дагы буга чейин бир нече негизсиз чечимдерге жол берилгендигин айтты. “Мисалы Балыкчы жана Каракол шаардык сотторунда, Жети-Өгүз, Ак-Суу жана Түп райондук сотторунда жергиликтүү пробациялык органдарынын корутундусуна карабастан пробациялык көзөмөл мөөнөттөрүн белгилөө менен айыпталуучулар мыйзамдуу жазасынан бошотулушкан. Ысык-Көл райондук сотунда 2020- жылы кылмыш ишин кароодо судья өзгөчө оор кылмышты оор кылмышка кайрадан квалификациялап кылмышкердин жазасын жеңилдетип чечим чыгарган. Ал чечимге нааразы болгон тарап аппеляциялык даттанууга мажбур болгон. Бул жогоруда айтылган нерселер сот системасында болуп жаткан терс көрүнүштөрдүн билинип калган, коомчулукта кызуу талкууга алынган аз эле бөлүгү. Билинбей жасалып жаткан жат көрүнүштөр кыйла эсе көп экенин баарыбыз жакшы билебиз”, — деди төрага. Соттор тарабынан талаштарды көз карандысыз жана акыйкат чечүү республиканын инвестициялык жагымдуулугун жана калктын ишкердик активдүүлүгүн жогорулатууну камсыз кылуучу шарттардын бири экендигин баса белгиледи. Жыйындын жүрүшүндө судьялар үйлөрдүн ижара акысы жогору болуп жаткандыгын айтышып, турак-жай менен камсыз болуу жагында көйгөйлөр бар экендигин жашырышкан жок. Айрым соттор учурда Каракол шаарынан ижарага үйлөргө чыгышып, Ак-Суу жана Тоң райондоруна барып келип иштөөгө мажбур болуп жатышкандыгын айтышты. Жогорку соттун төрагасы судьялардын башка аймакка көчүп барган чыгымдарынын ордун жабуу каралып жаткандыгын, каражаттар Министрлер Кабинети тарабынан сөзсүз түрдө төлөнүп берилээрин бул мамлекет башчысынын көзөмөлүндө экендигин айтты. Мындан тышкары судьяларды турак-жай маселеси менен камсыз кылуу боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жаткандыгын кошумчалады. Жыйындан соң Замирбек Базарбеков Ак-Суу, Жети-Өгүз жана Тоң райондук сотторунда иш сапары менен болот. Төрага жергиликтүү соттордун судьялары жана аппарат кызматкерлери менен жолугушууларды өткөрдү. Ротацияланып келген судьялардын үйлөрүнө барып, жашоо-шарттары менен таанышты. Белгилей кетүүчү жагдай, Замирбек Базарбеков ушундай эле иш сапар менен буга чейин Баткен облусундагы жергиликтүү соттордо болуп, ротацияланып барган судьялардын иштери менен таанышкан.