KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл областтык сотунун төрагасынын орун басары Зарипбек Аданбаев студенттерге ачык сабак өттү

14 октября 2022

2022-жылдын 13-октябрында өспүрүмдөрдүн кылмыштуулугунун алдын алуу үчүн жана студенттердин укуктук билимин жогорулатуу максатында Ысык-Көл областтык сотунун төрагасынын орун басары  Зарипбек Аданбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик юридикалык академиясынын Ысык-Көл юридикалык институтунун 2-курсунун студенттерине лекция окуду.


 


Лекциянын жүрүшүндө Зарипбек Аданбаев студенттерге өспүрүмдөрдүн кылмыштуулугу жөнүндө түшүнүк берип, анын мүнөздөмөсүнө жана себептерине кеңири токтолуп, өспүрүмдөрдүн кылмыштуулугун алдын алуунун максаттары менен милдеттери жөнүндө айтып берди.  Өспүрүмдөрдүн жана жаштардын кылмыштуулугун алдын алуу боюнча негизги иш чаралар жана багыттары боюнча маалымат берилди.


Мындан тышкары, лектор жазык мыйзамындагы жаңылыктар, жаңы кодекстердин өзгөчөлүктөрү жана айырмачылыктары жөнүндө кеп курду. Лекциянын соңунда Зарипбек Аданбаев кызыккан студенттердин бир катар суроолоруна жооп берип, Юридикалык институттун студенттери катары үлгүлүү болуп, кылмыштуулукка жол бербеши керектигин белгилеп, аларга окуусунда ийгилик каалап, институттун орун басары  Акжолтой Иманалиевага Кыргыз Республикасынын «Балдар жөнүндө кодексин» жана «Соттордогу Менеджмент жана башкаруу» китепчесин тапшырды.


 


Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы А.А.Абдымаликова