KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын орун басары Канат Аманов ЕККУнун шайлоого байкоо жүргүзүү миссиясынын өкүлдөрүн кабыл алды

12 ноября 2021

2021-жылдын 11-ноябрында Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын орун басары Канат Аманов ЕККУнун шайлоого байкоо жүргүзүү миссиясынын узак мөөнөттүү байкоочулары Мартин Бруксту, Эгбертус  Бомду жана алардын жардамчысы Шакир уулу Эмилди кабыл алды.


Жолугушуунун жүрүшүндө ЕККУнун шайлоого байкоо жүргүзүү миссиясынын ишмердүүлүгү жана Кыргыз Республикасынын сотторунун шайлоо талаштарын чечүү тартиби жөнүндө маалымат алмашуу болду.


Канат Аманов шайлоо талаштарынын классификациясына, сотко кайрылуунун субъекттерине, шайлоонун эркин өтүшүн камсыз кылуу боюнча шайлоо комиссияларынын жана мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө, соттордо шайлоо талаштарын кароонун процесстик өзгөчөлүктөрүнө кеңири токтолуп, байкоочулардын бир катар суроолоруна жооп берди.


Жолугушуунун соңунда ЕККУнун өкүлдөрү толук маалымат үчүн Канат Амановго ыраазычылык билдиришти. Мындан тышкары, тараптар жакын арада Ысык-Көл облусунун Административдик сотунун судьялары менен байкоочулардын жолугушуусун өткөрүүнү макулдашышты.