KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл областынын жергиликтүү сотторунун кызматкерлеринин арасында кичи-футбол боюнча кезектеги мелдеш өттү

06 июня 2022

2022-жылдын 4-июнунда Ысык-Көл областынын Балыкчы шаарында Ысык-Көл областынын жергиликтүү сотторунун кызматкерлеринин арасында кичи-футбол боюнча кезектеги мелдеш өттү.


Мелдеш Балыкчы шаардык соту тарабынан өткөрүлдү. Жалпысынан таймашта областтык соттун, шаардык жана райондук соттордун жана Ысык-Көл областтык Сот департаментинин башкармалыгынын жана сот приставдар кызматынын кызматкерлеринен түзүлгөн 8 команда ат салышты.


Бул иш чаранын башкы максаты жаштарды сергек жашоого үндөө, сот системасынын кызматкерлеринин арасында, достук жана спорттук алаканы бекемдөө, мыкты футбол командасын аныктоо жана кезектеги турнирди өткөрүү эстафетасын тапшыруу болуп саналат.


Мелдеш жандуу ритмде өтүп, катышуучулар жеңишке жетүүдө биримдигин көрсөтө алышты. Күйөрмандар оюнчуларды активдүү жана эмоционалдуу колдоп жатышты. Оюндардын соңунда жеңүүчү болуп Ак-Суу райондук сотунун кызматкерлеринен түзүлгөн команда жарыяланды.


Салтанаттуу түрдө мыкты оюнчуларга ар кандай номинациядагы дипломдорду Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын орун басары Зарипбек Аданбаев судьясы Койчубек Жобонов жана Балыкчы шаардык сотунун судьясы Алайбек Кожомкулов тапшырышты. Мелдештин катышуучуларына спорт жаатында мындан аркы ийгиликтерди жана жетишкендиктерди каалашты.


Биринчи орунду багынткан Ак-Суу райондук сотунун кызматкерлеринен түзүлгөн команда «Эстелик кубогу», биринчи даражадагы медаль, диплом менен сыйланышты. Экинчи орунду ээлеген Ысык-Көл облустук сотунун командасы менен үчүнчү орунду алган Каракол шаардык сотунун командасы диплом жана медалдар тапшырылды.