KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата Ысык-Көл облусунун жергиликтүү сотторунда ишембиликтер өткөрүлдү

20 сентября 2021

2021-жылдын 18-сентябрында Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата Ысык-Көл облустук сотунун кызматкерлери ишембилик өткөрүшүп, соттун имаратынын аймагын таштандылардан, түшкөн жалбырактардан тазалашты. Ошондой эле газондор иретке келтирилип, гүлдөрдүн тегерегиндеги чөптөр отолуп, бордюрлар акталды.


Ушундай эле ишембиликтер Ысык-Көл облусунун административдик сотунда, райондук жана шаардык соттордо өткөрүлдү. Ишембиликтин алкагында имараттардын ичтери жана тегерек-четтери тазаланып, сот залдары, иш бөлмөлөр иретке келтирилди. Мындан тышкары, Ысык-Көл райондук сотунун судьялары жана кызматкерлери сот аткаруучулар менен бирге соттун мекемесинин аймагын тазалап бүткөн соң, Чолпон-Ата шаарында жайгашкан «Алтын балалык» балдардын ден соолугун чыңдоочу борборунун аймагындагы көл жээгин таштандылардан тазалап, ташып чыгарышты.


Күз айларынын ар аптасынын соңунда сот кызматкерлери тарабынан соттордун айланасын жана тийиштүү аймактарды тазалоо жана иретке келтирүү иштерин жүргүзүү улантылмакчы.


Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз катчысы Гульзада Аширбаева