KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл облусунда Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата көп балалуу үй бүлөлөргө жардам көрсөтүлдү

01 июня 2021

Үстүбүздөгү жылдын 1-июнунда Ысык-Көл областтык сотунун төрагасынын орун басары Медер Жаныбеков, судьялар Гульбара Кудабаева, Эркин Пазылов жана аппарат кызматкерлери тогуз баланын энеси, Каракол шаарынын тургуну Мээримгул Кыдырбаеванын үйүнө барышып, балдарын соттун жалпы жамаатынын атынан майрамы менен куттукташты. Аларга бекем ден соолук, бактылуу балалык, жаркын келечек каалап, белектер менен оюнчуктарды, таттууларды, азык-түлүктөрдү жана кир жуучу каражаттарды тапшырышты.


Ошондой эле Каракол шаардык сотунун судьялары Каракол шаарынын туруну, Рахаткүл Токтобаеванын балдарын майрамы менен куттукташты. Ал он бир баланын энеси, алардын сегизи кыз, үчөө уул балдар. Судьялар чогултулган акча каражатына азык-түлүк  баштыктары даярдашып, үйүнө жеткирип берип, балдарга балмуздактарды жана таттууларды тапшырышты.


Түп райондук судьялары  жана аппарат кызматкерлери сот аткаруучулар, сот приставдар менен бирге Түп районуна караштуу Түп айылынын тургуну Айзада Абдыкабылованын балдарын куттукташты. Ал алты баланын энеси, үч кыз жана үч уулду жалгыз тарбиялайт. Аталган үй бүлөгө азык-түлүк баштыктары тапшырылып, акчалай жардам көрсөтүлдү.


Ал эми Тоң райондук сотунун төрайымы Асел Сыдыгалиева Тоң районунун Дөң-Талаа айылынын Иманбек Текеев атындагы орто мектебине барып, окуучуларга сот бийлиги жөнүндө лекция окуду. Лекциянын жүрүшүндө Асел Сыдыгалиева 1927-жылы Кыргыз АССРинин Башкы сотунун төрагасы болуп иштеген, Тоң районунан чыккан чыгаан инсандардын бири Иманбек Текеевдин сот тутумуна кошкон зор салымына кеңири токтолду. Иш чаранын соңунда соттун төрайымы балдарды майрамы менен куттуктап, белектерин тапшырды.


Белгилей кетсек, ар жылы  Ысык-Көл облусунун жергиликтүү  сотторунун судьялары жана кызматкерлери Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган кайрымдуулук акцияларына катышып, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына, мүмкүнчүлүгү чектелген жана ата-энесиз бөбөктөргө материалдык жардам көрсөтүп келишет.


Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы


Гульзада Аширбаева