KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата соттор аз камсыз болгон жана ата-энесиз балдарга жардам көрсөттү

02 июня 2022

2022-жылдын 1-июнунда Каракол шаардык сотунун судьялары Каракол шаарында жайгашкан “Ирада” үй-бүлөөлүк балдар үйүндөгү тарбиялануучуларга жолугуп, аларды майрамы менен куттукташты. Судьялар керектелүүчү жууркандарды жеткирип берип, балдарга таттууларды жана белектерин тапшырышты. Ал жерде сегиз ата-энесиз калган бала тарбияланат, балдарга бекем ден соолук, окууларында ийгилик жана жаркын келечек каалап, баталарын беришти.


 


Билим берүү бөлүмүнүн тарбиячысы Жыпар Ирсалиева жана өспүрүмдөр  Каракол шаардык сотунун судьяларына терең ыраазычылыктарын айтышып иштерине ийгилик каалашты.


Аны менен биргеликте бул майрам күнү Тоң райондук сотунун төрагасы Ниматилла Керимбековдун демилгеси менен  соттун аппарат кызматкерлери жана Тоң райондук кызмат бөлүмүнүн сот аткаруучулары биргеликте Бөкөнбаев айылынын тургуну мүмкүнчүлүгү чектелген аз камсыз болгон Нурбек Абдылдаевдин үй-бүлөөсүнө материалдык жардам көрсөтүп майрамы менен куттукташты.


Аларга бекем ден соолук, балдарына бактылуу балалык каалап, белектер менен оюнчуктарды, таттууларды, азык-түлүктөрдү тапшырышты.


Белгилей кетсек, ар жылы  Ысык-Көл облусунун жергиликтүү  сотторунун судьялары жана кызматкерлери Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган кайрымдуулук акцияларына катышып, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына, мүмкүнчүлүгү чектелген жана ата-энесиз бөбөктөргө материалдык жардам көрсөтүп келишет.