KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Бишкекте сот тутумунун жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүүсү боюнча тегерек стол болуп өттү

07 октября 2022

2022-жылдын 6-октябрында Бишкекте сот тутумунун жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүүсү боюнча тегерек стол болуп өттү.


Иш чара Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков, ошондой эле жогорку сот органынын башка өкүлдөрүнүн: төраганын орун басары Нурлан Мусаев, судья Кеңешбек Токтомамбетов, Аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров жана басма сөз кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү. Ошондой эле «Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгү 2-фаза» Программасынын негизги эксперти Александру Тэнасе жана Программанын улуттук эксперти Илгиз Приев катышты.


«Жогорку сот ушундай форматтагы эки жолугушууну буга чейин  өткөргөн. Биринчиси өткөн жылдын декабрь айында Ош шаарында, экинчиси ушул жылдын март айында өлкөнүн түндүгүндөгү журналисттер үчүн Ысык-Көлдө өткөн», — деди тегерек столдун модератору Эркинбек Мамыров.


Жогорку сот үчүн сиздердин чыныгы демократиялык коомду курууга багытталган конструктивдүү сынга негизделген материалдарыңыздар чоң мааниге ээ экендигин баса белгилегим келет. Бирок, айрым учурларда  мыйзам чыгаруучу тарабынан каралган кандайдыр бир чараларды көрүүгө түртүп жаткан ачыктан-ачык жалган материалдар да бар.


Соттук териштирүүнү билбей туруп, сотторду негизсиз сындап, соттордун чечимдерин жаманатты кылган жеке көз карандысыз журналисттер, блоггерлер жалган жалаа таратканы үчүн мыйзам жоопкерчилигине тартыла тургандыгын эстен чыгарбашы керек.


Мен кызматка киришкен күндөн тартып судьялардан сот адилеттигинин сапаттуу жүргүзүлүшүн, мыйзамдын так сакталышын, соттук иштерди жана материалдарды кароонун мөөнөттөрүн сактоону коомчулукка жана массалык маалымат каражаттарына ачык жана жеткиликтүү болушун талап кылып жатам!  Коомчулукта нааразылык жараткан айрым сот чечимдери боюнча судьялар маалымат жыйындарында түшүндүрмө бере башташты”, — деп белгиледи Замирбек Базарбеков.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Кеңешбек Токтомамбетов “Сот иштерин чагылдыруу практикасы: оң жана терс жактары” деген темада сүйлөгөн сөзүндө журналисттерди соттук териштирүүлөр боюнча материалдарды жазууда кылдат болууга чакырды.


«Айрым учурларда журналисттер оор кылмыш иштери боюнча материалдарды берип жатканда жеке маалыматтарды ачыкка чыгарып, чакан айылдардын, шаарлардын атын, мектептердин номерлерин, жада калса жабырлануучунун жакын туугандарынын аты-жөнүн, фамилияларын берип салышат. Зордук-зомбулукка кабылгандардын айрымдары өздөрү  окуган жана жашаган коомдордо стигманын курмандыктарына чалдыгып жаткандыгын  жаңылыктардан көрүп жатабыз.


Ушуга байланыштуу мен журналисттерди деперсонификациялоону колдонууга, зордук-зомбулукка кабылгандардын гана эмес, алардын туугандарынын  да чыныгы аты-жөнүн  журналисттик иликтөөлөрдө, аналитикалык материалдарды даярдап жатканда жашырууга чакырат элем», — деди Кеңешбек Токтомамбетов.


Өз кезегинде Александру Тэнасе судьялар менен ЖМКнын мамилесине токтолуп, эл аралык тажрыйба туурасында айтып берди. Эксперт ошондой эле тараптар натыйжалуу кызматташуунун жолдорун ачык талкуулаган мындай иш-чара өз ара аракеттенүүнүн сапаттык жаңы деңгээлине чыгууга түрткү боло аларын белгиледи.


Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, тегерек столдун катышуучулары сот тутумунун ишмердүүлүгү тууралуу калкка кеңири маалымат берүү үчүн өз сунуш-пикирлерин, каалоолорун айта алышты.


Тегерек столдун ишин жыйынтыктап жатып, Замирбек Базарбеков сот тутумунун маалыматтык ачыктыгын  камсыз кылуу үчүн соттор менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын өз ара байланышы эки  тараптын мыйзамдарынын негизинде  курулушу керек экендигин баса белгиледи.


Сот тутуму журналисттерге  толук  маалымат  берип турууга   милдеттүү. Ал эми ЖМК өз кезегинде бир гана маалыматты талап  кылбастан, сот тутумун  өнүктүрүүгө, коомчулукка укуктук жактан  сабаттуу маалыматтарды берүүгө  көмөктөшүүсү зарыл.


Белгилей кетүүчү жагдай, иш чара «Кыргыз Республикасындагы укук үстөмдүгү 2-фазасы» Программасынын колдоосу менен уюштурулду.