KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл облустуна ротацияланган судьялар кызматка киришти

17 мая 2022

Бугун 2022-жылдын 17-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 16-майындагы №102 буйругунун негизинде Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын милдетин убактылуу аткаруучу Чериков Нурлан Кийикбаевич 2022-жылдын 16-майынан баштап ушул эле соттун төрагасы болуп 5 (беш) жылдык мөөнөткө дайындалды.


Абдраимов Азамат Жармаматович Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын административдик иштер боюнча орун басары, Абдыбеков Алдаярбек Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын жарандык жана экономикалык иштер боюнча орун басары, Аданбаев Зарипбек Максутович Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын кылмыш-жаза иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча орун басары болуп 5 (беш) жылдык мөөнөткө дайындалышты.


Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы НурланЧериков  дайындалган Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын орун басарлары, судьялар жана аппарат кызматкерлери менен жыйын өткөрдү.


Жыйында төрага ар бир кызматкердин өз ишинде тактыкты, тартипти, ыкчам жана өз убагында аткарылышын талап кылып, судьяларга иштерди кароодо адилеттуу мыйзам чегинде иштерди карап, ишти кароонун мөөнөттөрүн так сактоону талап кылды. Жыйында  түшүнүү менен ынтымакта иш алып барууда ишенимин билдирип, судьяларга кызмат ордунда ийгиликтерди каалады.


Белгилей кетсек Кыргыз Республикасынын президентинин 30-апрель 2022-жылдын №01-270 жарлыгынын негизинде   Кыргыз Республикасынын   жергиликтуу сотторунун иштеп жаткан 27 судьялары Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган калган мөөнөткө судьянын ыйгарым укуктарын андан ары жузөгө  ашырууга Ысык-Көл областына башка аймактардан кызматтык орун которгон.


Ысык-Көл областына ротация болуп келген судьялар өз кызмат ордуларын ээлеп, кызматка киришти.