KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл облустук сотунун жана Каракол шаардык сотунун судьялары мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга гуманитардык жардам көрсөтүштү

06 декабря 2021

2021-жылдын 3-декабрында Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Гулкайыр Алиева  жана Каракол шаардык сотунун төрагасы Айбек Токтобаев Каракол шаарынын мэриясы тарабынан Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата  уюштурулган ден  соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын кол өнөрчүлүк көргөзмөсүнө катышышты. Иш чара «Руслан» балдардын оюн-зоок борборунда өттү. Судьялар четте карап турбастан, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды колдоого өз салымдарын кошушту. Кол өнөрчүлүк жасалгаларын сатуудан түшкөн каражаттын баары катуу оорулуу балдарга жардам берүүгө жумшалмакчы.


2021-жылдын 6-декабрында Ысык-Көл облустук сотунун жана Каракол шаардык сотунун судьялары  ден  соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген Каракол шаарынын төрт кичине тургундарына гуманитардык жардам көрсөтүштү.


Судьялар тарабынан чогултулган каражатка азык-түлүк  баштыктары даярдалып, майып балдары бар үй-бүлөлөрдүн даректерине жеткирилди. Мындан тышкары аталган үй-бүлөлөргө акчалай жардам көрсөтүлдү.


Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз катчысы


 Гульзада Аширбаева