KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Студенттер сот отурумунун процесстик тартиби менен таанышышты

29 ноября 2021

2021-жылдын 26-ноябрында Кыргыз Мамлекеттик юридикалык университетинин Ысык-Көл юридикалык колледжинин студенттери Каракол шаардык сотунда сот отурумунун процесстик тартиби менен таанышышты.


 


Жолугушуунун биринчи бөлүгүндө студенттер ачык сот отурумуна угуучу катары катышышты. Кийин Каракол шаардык сотунун төрагасынын м.а. Айбек Токтобаев жазык жана жарандык иштерди кароо боюнча соттук отурумдардын процесстик тартибин түшүндүрүп, шаардык соттун ишмердүүлүгү, мыйзамдардагы өзгөртүүлөр жана жаңылануулар тууралуу кеп куруп, студенттердин бир катар суроолоруна жооп берди. Андан соң, жарандык иштердин соттордо каралышы жана чечилиши кандай жүрүп жаткандыгы тууралуу студенттерде түшүнүк калыптандыруу, алардын ар түрдүү жагдайларда талдоо жүргүзүү жөндөмүн жана көндүмдөрүн калыптандыруу максатында жана ошондой эле укуктук аң-сезимин өркүндөтүүгө жана жалпысынан сот өндүрүшүн урматтоого тарбиялоо үчүн «Никеден ажыратуу» темасында практикалык оюн түрүндө импровизацияланган сот процесси уюштурулду.


Жолугушуунун экинчи бөлүгүндө төраганын м.а. студенттерге соттун имаратында экскурсия өтүп, соттун кеңсесинин иш процесси менен тааныштырды. Иш чаранын соңунда Айбек Токтобаев студенттер менен эстеликке сүрөткө түшүп, окууларына ийгиликтерди каалап, алдыга койгон максаттарына жетишине тилектеш экенин билдирди.


Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы


Гульзада Аширбаева