Ысык-Көл облустук сотунун кызматкерлери 2021-жылдын 29-октябрында ишембиликке чыгышты. Иш-чарага соттун 20га жакын кызматкерлери катышышты. Облустук соттун имаратынын айланасы таштандылардан, түшкөн жалбырактардан тазаланып, тегерек-чети ирээтке келтирилди.
Ушундай эле ишембиликтер Ысык-Көл облусунун административдик сотунда, райондук жана шаардык соттордо өткөрүлдү. Ишембиликтин алкагында имараттардын ичтери жана тегерек-четтери тазаланып, иш бөлмөлөр иретке келтирилди.