KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл облусунун мамлекеттик кызматкерлери арасында волейбол боюнча мелдеш өттү

24 июня 2022

2022-жылдын 23-июнунда Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кесиптик майрамына карата Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы облустук мекемелер  арасында волейбол оюну боюнча мелдеш болуп өттү.


Начало формы


Конец формы


Мелдеш Ысык-Көл облусттук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгы тарабынан өткөрүлдү. Жалпысынан таймашта Каракол шаарындагы облусттук мекемелердин мамлекеттик  кызматкерлеринен түзүлгөн 5 команда ат салышты.


Бул иш-чаранын башкы максаты болуп мамлекеттик жана муниципадык кызматта иштеген кызматкерлеринин арасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүү, кеңири жайылтуу жана машыгуусун өстүрүүгө чакыруу болду.


Мелдеш жандуу ритмде өтүп, катышуучулар жеңишке жетүүдө эркин жана биримдигин көрсөтө алышты. Күйөрмандар оюнчуларды активдүү жана эмоционалдуу колдоп жатышты.


Турнирге Ысык-Көл облусттук сотунун төрагасынын орун басары Зарипбек Аданбаев, судья Самарбек Закиров жана сот аппаратынын кызматкерлери катышты. Ысык-Көл облустук сотунун командасы финалга чыгып, 2-орунду ээледи. 2-орунга ээ болгон Ысык-Көл облустук сотунун командасына кубок дипломдор жана медалдар менен сыйланышты.