KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Жашы жете элек балдардын укугун коргоо маселеси ортого салынды

15 сентября 2021

2021-жылдын  14-сентябрында жашы жете элек балдардын укугун коргоо максатында Ысык-Көл  областтык  сотунун  төрагасы Гүлкайыр Алиеванын катышуусунда  Тоң райондук сотунун төрайымы  Асел  Сыдыгалиеванын демилгеси менен Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын чоң залында жыйын болуп өттү.


Иш чарага Тоң районунун акими Байышбек Астанакулов, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, Тоң райондук билим берүү  бөлүмүнүн, Тоң райондук ИИБнүн, Тоң райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчылары жана бир катар мамлекеттик кызматкерлер катышышты.


Жыйында Асел  Сыдыгалиева катышуучуларды Тоң райондук соту тарабынан 2010-2021-жылдар аралыгында каралган иштер боюнча жүргүзгөн талдоосу менен  тааныштырып,  акыркы жылдары туулгандыгы тууралуу фактысын аныктоо, никени бузуу, ата-энелик укуктан ажыратуу, камкорчу дайындоо, бала асырап алуу, балдардын жашаган жерин аныктоо, балдарды интернаттарга жайгаштыруу боюнча арыздар көп каралып жатканын белгиледи. Ошондой эле,  жогоруда аталган арыздардын түрлөрү боюнча сотко келип түшкөн иштердин көбөйүшүнүн себептери аныкталды.


Мындан тышкары жолугушууда жарандардын көйгөйлөрүн сотко жеткирбей чечүү жолдору талкууланды.


Иш чаранын экинчи бөлүгүндө судьялар катышуучулардын суроолорун угуп,  алар боюнча тийиштүү түшүндүрмөлөрү менен бирге сунуштарын беришти.


Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы


Гульзада Аширбаева