KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Сот кызматкерлерине сыйлык тапшыруу аземи өттү

21 апреля 2022

2022-жылдын 20-апрелинде  Ысык-Көл областынын Административдик сотунун жыйындар  залында сот тутумунун кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин төш белгиси жана ардак грамоталарын тапшыруу аземи болду.


Сыйлыктарды кызматкерлерге Ысык-Көл областтык сотунун төрагасы Гулкайыр Алиева жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ысык-Көл областтык башкармалыгынын башчысы Жолдош Асаналиев тапшырды.


Сыйлыкка жалпы 10 кызматкер сыйланып, Гулкайыр Алиева аларга иштерине ийгиликтерди каалап, мамлекетине ак ниет менен эмгектенип берерине толук ишенимин айтып, ыраазычылыгын билдирди.