KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл областынын административдик сотунда мамлекеттик алымдарды жана почта чыгымдарын өндүрүү маселесин талкуулоо боюнча кезектеги жолугушуу өттү

29 июля 2021

2021-жылдын 28-июлунда Ысык-Көл областынын административдик сотунда жергиликтүү салык органдары менен сот аткаруучулардын ишинде пайда болуп жаткан кыйынчылыктарды аныктоо жана аларды жоюуу үчүн иштиктүү сунуштарды берүү, аталган органдар ортосунда өз ара байланышты бекемдөө максатында  тегерек столу өткөрүлдү.


Жолугушуу Ысык-Көл областынын административдик соту тарабынан уюштурулуп, 2016-2020-жылдар аралыгындагы мамлекеттик алымдарды жана почта чыгымдарын өндүрүү боюнча аткаруу барактарынын аткарылышы боюнча талдоонун жыйынтыктары айтылды.


Иш чарага Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы Министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын бөлүм башчысы Туратбек Кульчороев жана жооптуу кызматкерлери, Бишкек шаарындагы жана Ысык-Көл областындагы салык кызматынын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ысык-Көл областтык Башкармалыгынын башчысынын м.а. Азамат Курманбеков, Ысык-Көл областынын Каракол шаардык жана Жети-Өгүз райондук Сот аткаруучулар кызматтык бөлүмүнүн сот аткаруучулары катышышты. Ал эми Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарындагы кызматкерлери жолугушууга видеобайланыш аркылуу кошулушту.


Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү салык органдары тарабынан бүгүнкү күнгө чейин  олуттуу суммадагы мамлкететтик алымдарды өндүрүү боюнча аткаруу барактары аткарылбай келе жаткандыгынын себептери изилденди. Ар бир район боюнча маалымат угулган соӊ, катышуучулар учурдагы көйгөйлөрдү чечүү жолдорун талкуулашты.


Соттун төрагасы Мелис Тагаев мамлекеттик алымды өндүрүү ар кандай себептерден улам кечиктирилип, аткаруу стадиясы тууралуу маалыматтар сотко убагында берилбей жаткан учурлар мурдагыдан көп болуп жаткандыгын белгиледи.


Судья Таалайбек Даркимбаев мамлекеттик алым республикалык бюджетке төлөнөөрү өзгөчө эске алынуусу керектигин эскертип, салык кызматы тарабынан мамлекеттик алымды өндүрүү боюнча бардык мыйзамда өндүрүп алуучу үчүн каралган мүмкүнчүлүктөр пайдаланышына көӊүл бурулуусу керектигин белгиледи.


Жолугушуунун соӊунда катышуучулар мындай иш чараларды жылына бир жолу өткөрүп турууну, берилген сунуштарды ишке киргизип, мамлекеттик алымдарды өндүрүү ишин жакшыртуу боюнча макулдашышты.


Белгилей кетсек, мындай иш чара 2019-жылдын сентябрь айында да өткөрүлгөн.