KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл областтык сотунун төрагасы иш сапарынын алкагында райондук сотторго барды

07 июня 2022

2022-жылдын 6-июнунда Ысык-Көл областтык сотунун төрагасы Нурлан Чериков иш сапары менен Ак-Суу, Жети-Өгүз  жана Тоң райондук сотуна барды.


Төрага Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын башчысы Жолдош Асаналиев менен биргеликте, Ак-Суу райондук сотунун иши менен жеринде таанышып, соттун имаратын, иш бөлмөлөрдү кыдырып чыкты. Аппарат кызматкерлери менен жыйын өткөрүп, сунуштарын укту.


Ошондой эле Жети-Өгүз райондук сотуна барып, орун которгон судьялар жана соттун кызматкерлери менен кеңешме өткөрүп, имараттагы иш бөлмөлөрдүн абалын көрүп, көйгөйлөрүн жана сунуштарын укту. Судьялардын  жана аппарат кызматкерлердин көңүлүн эмгек тартипти бекем сактоого, өз ишинде тактыкты, ыкчам жана  убагында аткарылышын талап кылды.


Ушул эле күнү Тоң райондук сотуна барып, судьялар жана аппарат кызматкерлеринин ишмердүүлүгү менен кенен таанышып чыкты. Аудио жана видео жазуу программаларынын иштөөсүн карап, сот отурум залдарды жана иш бөлмөлөрдү көрүп чыкты. Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нурлан Чериков ротация алкагында орун которгон судьяларга  иштерди өз убагында жана мыйзамга ылайык кароону талап кылып, соттун кызматкерлерине жана орун которгон судьяларга кызмат ордунда ийгиликтерди каалады.


 


Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы   Айпери Абдымаликова