KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы сот кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

27 июня 2022

Адатта, өлкөдө бардык кесиптик майрамдардай эле мыкты юристтерди мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлашат.


Ысык-Көл облустук сотунун Төрагасы Нурлан Чериков соттун 5 кызматкерин Ардак Грамоталар менен сыйлады.


Ошондой эле кесиптик майрам күнү менен бардык юристтерди куттуктап, юрист кесиби–бул абдан жоопкерчиликтүү кесип, анткени адамдардын тагдыры менен байланышкан деп белгиледи. Эң эмгекчил, өжөр жана жоопкерчиликтүү адамдар гана жогорку деңгээлдеги юрист болоорун айтып, аларга ишинде ийгиликтерди жана жетишкендиктерди каалады.


Эске салсак, Кыргызстанда жыл сайын июнь айынын акыркы жекшембисинде юрист күнү белгиленет.