2022-жылдын 6-декабрында “Каракол шаардык борборлоштурулган китепкананын” имаратында “9-декабрь Бүткүл дүйнөлүк коррупцияга каршы күнүнө” карата өткөрүлгөн тегерек столго Ысык- Көл облустук сотунун төрагасы Нурлан Чериков катышты.
Иш чарага Ысык-Көл облусунун мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, мектеп окуучулар ошондой эле жогорку окуу жайдын студенттери катышышты.
Тегерек столдун жүрүшүндө “Коррупция жана аны менен күрөшүү ыкмалары” темасында докладдар окулду.
Нурлан Чериков Ысык-Көл облустук соту тарабынан коррупция жана ага каршы күрөшүү боюнча аткарылып жаткан иш-аракеттер тууралуу доклады менен чыгып сөз сүйлөдү.
Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы А.А.Абдымаликова