KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл областынын Административдик сотунун төрагасы жана кызматкерлери студенттерге сот тутумундагы карьера жөнүндө айтып беришти

19 мая 2021

2021-жылдын 19-майында Ысык-Көл областынын Административдик сотунун төрагасы Мелис Тагаев жана соттун аппарат кызматкерлери Кыргыз Мамлекеттик юридикалык университетинин Ысык-Көл юридикалык институтунун студенттер кеңешине «Сот тутумундагы карьера — бул ийгиликке жетүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк» деген темада презентация өтүштү.


Соттун төрагасы Мелис Тагаев бул жолугушуунун маанилүүлүгүн белгилеп, судьялык кесип чоң суроо-талапка ээ экендигин жана юристтин карьералык тепкичиндеги эң жогорку баскыч катары эсептелинерин баса белгиледи. Ал соттордун аппарат кызматкерлеринин Фемида кызматкери болууга чоң мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин белгиледи. Андан соң, соттун бөлүм башчысы Алмаз Джанболотов, улук катчысы Чолпон Идирисова жана IT-консультанты Азамат Деркембаев өздөрүнүн функционалдык милдеттери, сот кызматкерлеринин ролу, сот тутумунда иштөөнүн артыкчылыктары жана ошондой эле өздөрүнүн жеке иш тажрыйбалары жөнүндө айтып беришти.


Соттун аппарат кызматкерлери презентация аркылуу, соттун кеңсесинин жана архивинин иштөө тартиптерин кезектешип түшүндүрүштү. Сот отурумдарын уюштуруу жана сотто иш кагаздарын жүргүзүү тартибине кенен токтолушту. Ошондой эле, соттун Автоматташтырылган маалымат тутумунун (АМТ) иштөөсүнүн артыкчылыктары жана натыйжалуулугу, иштердин автоматтык түрдө бөлүштүрүлүшү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жана жергиликтүү сотторунун адистештирилген веб-сайттарынын иши жана act.sot.kg веб-сайтына сот актыларын жайгаштыруу жол-жоболорун түшүндүрүп беришти.


Жолугушуунун экинчи бөлүгүндө Мелис Тагаев Баткен облусундагы куралдуу жаңжалга байланыштуу, студенттердин даярдыктарын өркүндөтүп, коомдук иш-чараларга эл аралык укуктук көз караш менен баа берүү көндүмдөрүн калыптандыруу максатында “Эл аралык юридикалык жоопкерчилик. Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо зарылдыгы” аттуу темада экинчи презентация тартуулады.

Студенттер презентацияны кызыгуу менен угушуп, көптөгөн пайдалуу маалыматтарды алышканын белгилешти.


Иш-чаранын соңунда катышуучуларга “Кыргызстандагы аял-судьялардын ассоциациясы” коомдук бирикмеси тарабынан даярдалган “Мен Кыргызстандын сот тутуму жөнүндө билем” аттуу иллюстрацияланган окуу куралдары белекке тапшырылды.


Соттун төрагасы жана соттун кызматкерлери студенттер менен сүрөткө түшүп, аларга бекем ден-соолук жана окууларына ийгилик каалашты. Өз кезегинде окуу жайдын окутуучулары жана студенттери соттун кызматкерлерине кызыктуу жана мазмундуу жолугушуу үчүн ыраазычылык билдиришти.


Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз катчысы


Гульзада Аширбаева