KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Нурлан Чериков кызматтык иш сапары менен Ысык-Көл облустунун райондук жана шаардык сотуна барды

20 мая 2022

2022-жылдын 18-майында Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нурлан Чериков иш сапары менен Ысык-Көл, Түп райондук жана Балыкчы шаардык  сотуна барды.


Нурлан Чериков Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын башчысы Жолдош Асаналиев менен биргеликте, Түп райондук сотунун төрагасы Гуламидин Элчибек уулу менен жолугуп, жыйын өткөрдү.


Орун которгон судьялар жана аппарат кызматкерлери менен жакындан таанышып, имараттагы иш бөлмөлөрдүн абалын көрүп, көйгөйлөрүн жана сунуштарын укту. Судьялардын  жана аппарат кызматкерлердин көңүлүн эмгек тартипти бекем сактоого өз ишинде тактыкты, ыкчам жана  убагында аткарылышын белгиледи.


Ошондой эле Ысык-Көл райондук жана Балыкчы шаардык сотуна барып, судьялар жана аппарат кызматкерлери менен жыйын өткөзуп, ар бири менен таанышып, көйгөйлөрүн жана сунуштарын угуп чыкты.


Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нурлан Чериков судьяларга адилеттуу, мыйзам чегинде иштерди карап, ишти кароонун мөөнөттөрүн так сактоону талап кылды. Соттун кызматкерлерине жана орун которгон судьяларга кызмат ордунда ийгиликтерди каалап кайтты.