KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Нургуль Бакирова Каракол шаардык сотунун кызматкерлери менен жолугушту

21 июня 2021

2021-жылдын 19-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургуль Бакирова Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык сотунун кызматкерлери менен жолугушту. Анда 5-майда күчүнө кирген Конституциянын жаңы редакциясына ылайык сот тутумуна байланыштуу бир катар мыйзамдык өзгөртүү-түзөтүүлөр күтүлүп жатканы тууралуу сөз козгоду. Төрайым сот реформасын жүргүзүүдө жер-жерлердеги соттор, аппарат кызматкерлери, сот приставдары жана сот аткаруучудардын ролу чоң экенин белгиледи.


«Дресс-код, күндөлүк жүрүм турумдан баштап, билим, тажрыйба, маданияттуулук боюнча сиздер башка мамлекеттик кызматтарга өрнөк болуп бериңиздер. Сот реформасын баарыбыз бирге ишке ашырабыз», — деди төрайым.


Каракол шаарык сотунда алты судья, жыйырма жети сот аппаратынын кызматкерлери, төрт сот аткаруучу жана жети сот приставдары кызмат өтөшөт.


Шаардык соттун төрагасы Ильяс Иманбеков имаратта болгон реконстуркция иштери менен тааныштырып, Ысык-Көл облусунун жергиликтүү сотторунун арасынан Каракол шаардык сотунда эң биринчилерден болуп мыйзам менен тил табыша албаган  балдар үчүн атайын бөлмөлөр ачылганын белгиледи. Сот имаратында эки сот отурумунун залдары бар. Ал эми төрт сот отурумунун залдары судьялардын иш бөлмөлөрүндө жайгашкан. Бардык сот отурумунун залдарында аудио жана видео жаздыруу системасы орнотулуп, соттун автоматташтырылган маалымат тутуму (АМТ) толук кандуу иштеп, бардык иштер судьяларга автоматтык түрдө бөлүштүрүлүүдө.


Каракол шаардык сотунда мамлекеттик алымдарды жана башка төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн банктык терминал орнотулуп, төлөмдөр ийгиликтүү кабыл алынууда.


Жергиликтүү мамлекеттик органдар жана башка мекемелер менен тыгыз кызматташуу максатында ар кандай жыйындар байма-бай өткөрүлүп турат. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургуль Бакированын демилгеси менен жарыяланган «Жашыл сот» сынагында Ысык-Көл облусунун жергиликтүү сотторунун арасынан Каракол шаардык соту биринчиликти алган.


Жолугушуунун соңунда Нургуль Бакирова кызматкерлерге бекем ден соолук, иштерине ийгиликтерди каалап, мамлекеттик кызматкерлердин жүрүм-турум этикасын сактап, ынтызарлык менен иш алып барууга чакырды.


Өз кезегинде шаардык соттун аппарат кызматкерлери төрайымга иш сапардын алкагында атайын убактысын бөлүп сотторго келгендиги үчүн ыраазычылык билдиришти.