KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Нургуль Бакирова иш сапарынын алкагында Түп райондук сотуна барды

21 июня 2021

2021-жылдын 19-июнунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургуль Бакирова Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Түп райондук сотуна барды.Түп райондук сотунун төрагасы Батырхан Астаев имараттагы иш бөлмөлөрдү көрсөтүп, сотто бир сот отурумунун залы жана бир соттолуучуларды убактылуу кармоочу жай бар экендигин, ошондой эле үч судья, он төрт аппарат кызматкерлери, сот аткаруучулар кызматтык бөлүмүнүн үч кызматкери жана сот приставдар бөлүмүмнүн алты кызматкери эмгектенерин билдирди.


Нургуль Бакирова кызматкерлер менен баарлашып, сотко кайрылган адамдарга маданияттуу, сылык-сыпайы мамиле жасап, сот адилеттигин жүзөгө ашырууда мыйзамдардын талаптарын бекем сактоого чакырды.