Жыл сайын 1 июнь күнү бүткүл дүйнөдө Балдарды коргоонун эл аралык күнү майрамдалып келет. Бул күнү өлкөдө бардык балдар жашоого жана бактылуу балалыкка укуктуу экенин эске салган майрам.
Ар жылы Ысык-Көл областтык сотунун судьялары Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган кайрымдуулук акцияларына катышып, мүмкүнчүлүгү чектелген жана ата-энеси жок балдарга материалдык жардам көрсөтүп келишет.
Бүгүн 2022-жылдын 1-июнунда Ысык-Көл областтык сотунун төрагасы Нурлан Чериков, судьялары Гулбара Кудабаева, Бермет Мырзаканова Үй-бүлөөлүк балдар үйү “Телегей” мекемесине барып, тарбиялануучулары менен жолугушуп, «Эл аралык балдарды коргоо күнү” менен куттукташты. Аларга бекем ден соолук, бактылуу балалык, жаркын келечек каалап, белектерди жайкы кийимдер, жер-жемиштер, таттуулар жана оюнчуктарды тапшырышты.
Жогоруда айтылган мекеменин жетекчиси Махабат Орозбаева соттун жалпы жамаатына терең ыраазычылыктарын билдиришти.