KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл облустук соту Чек арачыларды майрамы менен куттуктады

31 мая 2022

2022-жылдын 28-майында Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин чек ара кызматынын кесиптик майрамы менен Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын орун басарлары Зарипбек Аданбаев жана Азамат Абдраимов кесиптик майрамы менен куттукташты.


Салтанаттуу кече Ысык-Көл облустунун Чек ара кызматынын башкармалыгынын имаратында саат 10:00 до башталып,  Ысык-Көл облустунун жергиликтүү бийликтеринин өкүлдөрү катышып, сыйлыктарды тапшырышты.


Аны менен биргеликте Зарипбек Аданбаев Ысык-Көл облустук сотунун атынан 3 чек ара кызматкерине сыйлыктарды тапшырып, аларды кесиптик майрамы менен куттуктады. Ал өз сөзүндө чек арачылар мамлекеттин бүтүндүгүн жана коопсуздугун коргоодо зор салымын кошуп, чек араны кайтаруу татаал жана жооптуу кызмат экендигин белгилеп ыраазычылыгын билдирди.