KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл облустук соту 2021-жылдын 6 айындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды

18 августа 2021

2021-жылдын 17-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын орун басары Качыке Эсенкановдун жетекчилиги алдында Ысык-Көл облусунун жергиликтүү сотторунун 2021-жылдын биринчи жарым жылындагы ишмердүүлүгүн жыйынтыктоочу кеңешме видеобайланыш аркылуу өткөрүлдү.


Иш чарага Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотунун төрайымынын орун басары Нургуль Асанова,  Жогорку соттун соттук тажрыйбаны жалпылоо, соттук статистиканы анализдөө жана Пленумдун ишин камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Адинахан Кадырова, Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын орун басарлары Медер Жаныбеков, Алмазбек Апышев, Канат Аманов жана биринчи инстанция сотторунун төрагалары менен судьялары катышышты.


Кеңешменин жүрүшүндө облустук соттун төрагасынын орун басарлары ар бир судьянын сот адилеттүүлүгүн жүзөгө ашырууда иштерди кароо сапаты жана жүктөмдөрү боюнча маалымат менен  тааныштырышты.


Мындан тышкары, апелляциялык инстанцияга даттанылган соттук актылардын бузулушу жана өзгөртүлүшү боюнча талкуулар жүргүзүлүп, биринчи инстанция сотторунун кетирген кемчиликтерине көңүл бурулду.


Маалыматка ылайык Ысык-Көл облусунун биринчи инстанция соттору тарабынан жарым жыл ичинде жалпы 4821 иштер каралган. Ал эми апелляциялык инстанцияда жалпы 354 иштер каралган.


Медер Жаныбеков катышуучуларга үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында соттор тарабынан  аткарылган коомдук иштери тууралуу маалымат берди. Мындан тышкары сот адилеттүүлүгүн жүзөгө ашырууда орчундуу болгон жагдайлар, ишти кароонун сапатын жакшыртуу, орун алган кемчиликтерди талдоо жана жоюу, калктын укуктук билимин жогорулатууга, сот тутумунун ачык-айкындуулугун камсыздоого  багытталган иш чараларды уюштуруу тууралуу көптөгөн  маселелерге токтолду. Ошондой эле судьяларды сот адилеттүүлүгүн жүзөгө ашырууда мыйзамдардын талаптарын так аткарууга, иштерди белгиленген мөөнөтүндө карап, сот актыларынын аткарылышын тыкыр көзөмөлдөөгө чакырды.                                                          


Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз катчысы


 Гульзада Аширбаева